Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уюштуруусунун аркасында 2025-жылдын 18-19-февралында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлери менен диалог болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышты. Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Токтобек Амалбекович Токоев Кыргыз Республикасынын экономикасынын приоритеттүү тармактарындагы ири өндүрүштүк жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого жана региондордун экономикалык өнүгүүсүн теңдештирүү үчүн салым кошууга багытталган Банктын программаларынын презентациясын жасады.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын узак мөөнөттүү инвестициялары ата мекендик ишкерлерди колдоого, өндүрүштүн өсүшүнө, жергиликтүү коомчулукка колдоо көрсөтүүгө, жумуш орундарын түзүүгө, бюджетке салык төлөмдөрүн көбөйтүүгө багытталган, бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жагымдуу таасирин тийгизүүдө.
