Директорлор кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги чечими менен Эмиль Абдилазисович Такырбашев 2025-жылдын 13-майынан тартып «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК Башкармалыгынын Төрагасы кызматына дайындалды.
ТТакырбашев Эмиль Абдилазисовичтин финансы-банк тармагында 25 жылдык тажрыйбасы бар. Эл аралык экономикалык мамилелер жана бухгалтердик эсеп жана аудит адистиктери боюнча жогорку экономикалык билим алган. Ал стажировкадан жетекчилик кызматка чейинки профессионалдык жолду басып өттү. KSFC жана РСК Банкта иштеген олуттуу тажрыйбасы бар. 14 жылдан ашык микрокредиттик жана лизингдик компанияларды жетектеген. Бир катар эл аралык долбоорлордо эксперт жана консультант болуп иштеген. Эл аралык өнүктүрүү фонддорунда 5 жылдык тажрыйбасы бар. Финансы, казыналык операциялар жана кредиттөө жаатында терең билимге жана практикалык тажрыйбага ээ.