Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчилиги анын туунду компаниясы – «Альфа Телеком» ЖАКына (MEGA) иш сапары менен барды.
Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармалыгынын Төрагасы Эмил Абдилазисович Такырбашев компаниянын учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун укту, ошондой эле улуттук байланыш операторунун жетекчилиги менен 2025-жылга карата стратегиялык өнүгүү пландарын талкуулады.
«Альфа Телеком» ЖАК туруктуу өсүү динамикасын көрсөтүп, өлкөнүн эң алыскы калктуу конуштарында да жогорку сапаттагы байланыш жана санариптик кызматтарды көрсөтүүдө.
