2025-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “Шоро” компаниясынын табигый ширин суусундуктарды чыгарган жаңы өндүрүштүк линиясын ачуу аземине ардактуу конок катары катышты. Бул өндүрүш линиясы – Кыргыз Республикасында өз түрүндө биринчи болуп эсептелет. Бул маанилүү иш-чара компаниянын 33 жылдык мааракесине туш келип, “Шоро” бренди үчүн гана эмес, өлкөнүн жалпы тамак-аш өнөр жайы үчүн да чоң жетишкендик болду.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан 150 миллион сом өлчөмүндө узак мөөнөттүү каржылоонун негизинде, жалпы баасы 250 миллион сомду түзгөн долбоор ийгиликтүү ишке ашты. Анын алкагында Европа өндүрүшүндөгү заманбап жабдуулар сатылып алынып, орнотулду.
Жаңы линиянын өзгөчөлүгү – ширин суусундуктар толугу менен табигый компоненттерден даярдаларындыгы. Анда эч кандай концентраттар, боёгучтар жана ГМО колдонулбайт – бул өзгөчө сыймык жаратат.
Бул долбоор Мамлекеттик өнүктүрүү банкы негизги максаттарына жооп берет: ички өндүрүштү өнүктүрүү, импортту алмаштыруу саясатын илгерилетүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү. Жаңы линиянын ишке кириши менен «Шоро» компаниясы 30 жаңы жумуш орунун камсыздады. Өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 10 миллион литрге чейин суусундук чыгара алат жана ширин суусундуктар рыногундагы үлүшүн 20%га чейин көбөйтүүнү максат кылууда.



