2025-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Климаттык каржылоо борбору жана “Дос-Кредобанк” ААК ортосунда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлган.
“Дос-Кредобанк” ААК менен түзүлгөн меморандум эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлорду каржылоо, каржы рыноктору, санариптештирүү жана банктык технологиялар жаатында тажрыйба жана маалымат алмашуу аркылуу экономикалык интеграцияны тереңдетүү боюнча тараптардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.
Климаттык каржылоо борбору менен меморандум өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана климаттык инвестицияларды тартуу боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана өз ара аракеттенүүгө багытталган узак мөөнөттүү жана натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле климаттын өзгөрүшү жаатындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы бизнести, туруктуу өсүштү жана инновацияларды колдоого, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө анын ролун күчөтүүгө жана туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттарына жетишүүгө умтулат.




