Директорлор кеңешинин чечими менен Айдаралиев Бакай Бекболотович 2025-жылдын 21-июлунан тартып «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК Башкармаcынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалды.
Финансы жана банк тармагында 20 жылдык тажрыйбасы бар. Финансы жана банк иши адистиги боюнча жогорку экономикалык билимди, финансы боюнча MBA даражасын алган. Ал стажердон жогорку кызматтарга чейин бир топ жолду басып өттү. Коммерциялык банктарда жана эл аралык уюмдарда олуттуу тажрыйбасы бар. Ал корпоративдик кредиттөө, долбоорлорду түзүмдөштүрүү жана каржылоону тартуу жаатында терең билимге жана практикалык тажрыйбага ээ.