2025-жылдын баш оона айынын 7-10-күндөрү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Тажикстан Республикасынын Финансы министрлигинин биринчи орун басары Маджиди Юсуф Хайрулло баштаган өкүлдөр тобу менен болгон жолугушууга катышты.
Сапардын максаты – салык саясаты тармагында тажрыйба алмашуу жана бирге ашырылуучу долбоорлорду издөө мүмкүнчүлүгү.
Жолугушуу алкагында Мамлекеттик өнүктүрүү банкы өз ишмердүүлүгүн, негизги долбоорлорун жана өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын тааныштырып, эки өлкөнүн экономикалык потенциалын чыңдоого багытталган демилгелерди ишке ашырууда кызматташууга даяр экенин билдирди.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы бизнес, ички түзүм жана экономиканы колдоого багытталган финансы ыкмаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган долбоорлор боюнча пикир алышууга жана биргелешкен ишке ачык экендигин билдирди.
