Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын кызматкерлери Кыргызстан банктарынын бирекмесинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Сыйлыктар өзгөчө сиңирген эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк тутумун жана экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн тапшырылды. Бул баа Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын кызматкерлеринин жогорку компетенттүүлүгүн, жоопкерчилигин жана ишке берилгендигин чагылдырат.
Банктын жетекчилиги кесиптештерин татыктуу сыйлыктары менен куттуктайт жана алардын эмгеги, кесибине берилгендиги жана өлкөнүн туруктуу жана натыйжалуу финансылык инфраструктурасын өнүктүрүү каалоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.
Бул жетишкендиктер жакшы координацияланган иш жана жогорку стандарттарга умтулуу профессионалдык ийгиликти гана эмес, Кыргызстандын банк секторунун негизги катышуучуларынын таануусун да алып келеринин ачык мисалы болуп саналат.
Кесиптештерибизди куттуктайбыз жана аларга мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн эмгектерине шыктанууну каалайбыз!