2025-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын кызматкерлери айлананы көрктөндүрүү боюнча ишембилик өткөрүштү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык жыл сайын сентябрь жана апрель айларынын үчүнчү ишембисинде өткөрүлүүчү Улуттук ишембилик күнүнүн алкагында уюштурулду.
Ишембилик бүткүл дүйнөлүк 20-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө да туш келди. Анын максаты экологиялык көйгөйлөргө көңүл буруу жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу аракеттерине жарандарды тартуу болуп саналат.
Ишембиликтин жүрүшүндө банктын кызматкерлери шаардын аймагын тазалоого активдүү катышып, жарандык жоопкерчиликтин жана жамааттык демилгенин жаркын үлгүсүн көрсөтүштү. Мындай иш-чараларды колдоо экологиялык абалды жакшыртууга гана жардам бербестен, кызматкерлердин жана тургундардын арасында маанилүү баалуулуктарды калыптандырат, аларды тазалыкка жана тартипке кам көрүүгө жана айлана-чөйрөнүн булганышы менен күрөшүүгө шыктандырат.






