2025-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Түрк инвестициялык фондунун башкы директору Рамил Бабаев жетектеген делегациясынын ортосунда жумушчу жолугушуу өттү.
Тараптар инфраструктураны, энергетиканы өнүктүрүүгө жана чакан жана орто бизнести колдоого багытталган инвестициялык долбоорлорду биргелешип каржылоо боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптардын стратегиялык өнөктөштүккө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга болгон милдеттенмелерин тастыктаган алдын ала өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
Тараптар конкреттүү инвестициялык долбоорлорду жана аларды каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу үчүн биргелешип иштөөнү улантууга макулдашышты.