Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, Улуттук инвестициялык фонд жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду чакан ГЭС долбооруна биргелешип катышуу жана каржылоо боюнча ниеттер жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Кол коюлган меморандум Чүй облусунда чакан ГЭС куруу долбоорун каржылоону камтыйт. Долбоор Кыргыз Республикасында электр энергиясына болгон өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана бюджеттин кирешелерин көбөйтүүгө багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө институционалдык кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон инвестициялык долбоорлорду каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу маселеси талкууланды.
Тараптар инвестицияларды тартуу, долбоордук жана узак мөөнөттүү каржылоону иштеп чыгуу, экономиканын реалдуу секторундагы биргелешкен демилгелерди колдоо жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда маалымат жана тажрыйба алмашуу боюнча аракеттерди координациялоого макулдашышты.
Өнөр жай, инфраструктура, энергетика, агроөнөр жай комплекси жана чакан жана орто бизнести колдоо сыяктуу артыкчылыктуу тармактарды каржылоого өзгөчө көңүл бурулат.
Меморандумга кол коюу биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашыруу, инвестициялык активдүүлүктү жогорулатуу жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө багытталган туруктуу финансылык инструменттерди иштеп чыгуу үчүн негиз түзөт.




