2025-жылдын 17-декабрында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Улуттук инвестициялык фонддун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ кызматташууну өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасында чакан ГЭС куруу долбоорун каржылоого биргелешип катышууга багытталган.
Кол коюлган меморандумдун алкагында тараптар Чүй облусунда чакан ГЭС куруу долбоорун каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну пландаштырууда. Долбоор өлкөдө электр энергиясына болгон өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана мамлекеттик бюджетке салыктык жана салыктык эмес кирешелерди көбөйтүүгө багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар институционалдык кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон инвестициялык долбоорлорду каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты. Инвестицияларды тартуу, долбоордук жана узак мөөнөттүү каржылоону иштеп чыгуу, ошондой эле экономиканын реалдуу секторундагы биргелешкен демилгелерди колдоо боюнча аракеттерди координациялоого өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда маалымат жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууга, ошондой эле өнөр жай, инфраструктура, энергетика, агроөнөр жай комплекси жана чакан жана орто бизнес сыяктуу негизги экономикалык тармактарды колдоого артыкчылык берүүгө макулдашышты.
Меморандумга кол коюу биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашыруу, инвестициялык активдүүлүктү жогорулатуу жана Кыргыз Республикасында узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган туруктуу финансылык инструменттерди иштеп чыгуу үчүн бекем негиз түзөт.




