Жашыл долбоорлорду түз каржылоо

Параметрлери

Жеке салым
Долбоордун ээси долбоордун наркынын 10%нан кем эмес өлчөмдө жеке салымды кошушу керек (жеке салым накталай акча, мүлк, анын ичинде интеллектуалдык, жер участогу, негизги каражаттар ж.б. формасында салынышы мүмкүн).
Каржылоо боюнча камсыздоо
• Мамлекеттик кепилдик, эл аралык финансы институттарынын, банктардын жана «КР Кепилдик фонду» ААКнын кепилдиктери;
• КРнын мамлекеттик баалуу кагаздары;
• Кыймылсыз мүлк, анын ичинде жер участоктору;
• Жабдуу, транспорт каражаттары;
• Үчүнчү жактардын кепилдиги, алардын алгылыктуулугу Банк тарабынан Банктын Кредит саясатына ылайык бааланат;
• Банктын Кредит саясатына ылайык камсыздоонун башка түрлөрү.
Күрөөлүк камсыздоону баалоо
• Күрөөлүк мүлктүн наркын баалоо Банк тарабынан өнөктөш компаниялардын тизмесине киргизилген жана Банктын сайтында жайгаштырылган көз карандысыз баалоо компаниясы тарабынан жүргүзүлөт.
• Күрөөлүк мүлктүн наркын баалоону жүргүзүү датасы каржылоону алууга билдирмени берүү датасына карата 6 (алты) ай мөөнөттөн ашпоого тийиш.
• Банк баалоо наркын өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.
Төлөө графиги
• Пайыздар боюнча – айлык/ кварталдык негизде;
• Негизги карыз боюнча – Карыз алуучунун бизнесинин акча агымына ылайык, бирок жылына 2 жолудан кем эмес.
Жеңилдетилген мезгил
Пайыздарды төлөө боюнча – 9 айга чейин;
Негизги карызды төлөө боюнча – 12 айга чейин.
Күрөөнү камсыздандыруу
Күрөө предметин камсыздандыруу (кыйроо, жоготуу, уурдатуу, бузуу жана оору тобокелдигине байланыштуу) ар бир долбоор боюнча өзүнчө Банктын Башкармасынын чечими менен аныкталат.
Кредит каражаттарын максатсыз пайдалануудагы жана жашыл долбоорду ишке ашыруунун билдирилген экологиялык натыйжасын сактабагандагы пайыздык чен
Кредит каражаттарын максатсыз пайдаланган учурда пайыздык чен жылдык 20%га чейин көбөйтүлөт. Банк кардардын кредит каражаттарын максатсыз пайдалангандыгы жөнүндө маалыматты Кредиттик-маалыматтык бюрого киргизүү укугун өзүнө калтырат. Каржылоого билдирмеде көрсөтүлгөн экологиялык натыйжа сакталбаган учурда ар бир транш үчүн пайыздык чен жылдык 5%га чейин көбөйтүлөт. Пайыздык ченди жогорулатуу жашыл долбоорду ишке ашыруудан билдирилген экологиялык натыйжа сакталбагандыгынын факты аныкталган учурдан тартып ишке ашырылат.
Өзгөчө шарттар
• Кредитти тариздөө жана күрөөлүк мүлктү каттоо менен байланыштуу бардык чыгымдар Карыз алуучу тарабынан төлөнөт;
• Карыз алуучу күрөө предметинин сакталышы жана талаптагыдай пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.
Чектөөлөр
Банк бербейт:
• камсыздоосуз кредит;
• жеке адамдарга кредит;
• мурда берилген кредиттер боюнча мөөнөтү кечиктирилген милдеттенмелер болгондогу кредиттер;
• Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, КР Министрлер Кабинетине, башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кредиттер.
Банк каржылабайт:
• Тамеки өстүрүү;
• Аңчылык жана уулоо, анын ичинде бул чөйрөлөрдө кызмат көрсөтүү;
• Деңиздеги балыкчылык;
• Тузсуз суудагы балыкчылык;
• Деңиз аквакультурасы;
• Тузсуз суу аквакультурасы;
• Таш көмүр казуу;
• Лигнит казуу;
• Чийки мунай казуу;
• Жаратылыш газын казуу;
• Темир кенин казуу;
• Уран жана торий кенин казуу;
• Башка түстүү металл кенин казуу;
• Таш, чопо жана кум карьерлерин иштетүү;
• Декоративдик жана курулуш таштарын, акиташ, гипс, бор жана сланец казуу;
• Шагыл жана кум карьерлерин иштетүү, чопону жана каолинди казуу;
• Химия өнөр жайы үчүн минералдык чийки затты казуу жана жер семирткичти өндүрүү;
• Чым көңдү казуу;
• Тузду казуу;
• Башка категорияларга киргизилбеген тоо-кен өнөр жайынын башка тармактары;
• Мунайды жана жаратылыш газын казуу жаатындагы техникалык кызматтар;
• Тоо-кен өнөр жайынын жана жер астындагы иштетүүнүн башка чөйрөлөрү үчүн техникалык колдоо;
• Спирт ичимдиктерин дистилляциялоо жана аралаштыруу;
• Тамеки буюмдарын өндүрүү;
• Текстиль булаларын даярдоо жана ийрүү;
• Текстиль буюмдарын жасалгалоо;
• Булгаарыны өңдөө жана ийлөө;
чемодондарды, сумкаларды, ат шаймандарын өндүрүү; аңтерини ийлөө жана боёо;
• Булгаарыны өңдөө жана ийлөө;
аңтерини ийлөө жана боёо;
• Кокс мештеринин өндүрүмүн өндүрүү;
• Мунайды кайра иштетүү өнүмдөрүн өндүрүү;
• Негизги химикаттарды, жер семирткичтерди жана азот кошундуларын, пластмассаны жана синтетикалык каучукту баштапкы формаларда өндүрүү (өнөр жай газдарын, боёкторду жана пигменттерди, башка негизги органикалык эмес жана органикалык химиялык заттарды, жер семирткичтерди жана азот камтыган аралашмаларды, баштапкы формаларда пластик, баштапкы формада синтетикалык каучукту);
• Пестициддерди жана башка агрохимиялык өндүрүмдү өндүрүү;
• Боёкторду, лактарды жана ушул сыяктуу боёгуч заттарды, типографиялык боёкторду жана мастиканы өндүрүү;
• Самынды жана жуугуч каражаттарды, тазалоочу жана жылмалоочу каражаттарды, парфюмерия өндүрүмүн жана косметикалык каражаттарды өңдүрүү;
• Башка химиялык продукттарды өндүрүү (жардыргыч заттар, желим, эфир майлары, башка химиялык өнүмдөр);
• Жасалма буланы өндүрүү;
• Резина покрышкаларын жана камераларын өндүрүү, резина покрышкаларын калыбына келтирүү;
• Пластмасса буюмдарды өндүрүү;
• Цементти, акиташты жана шыбакты өндүрүү;
• Чоюнду, болотту жана куйма темирди өндүрүү;
• Болоттон түтүктөрдү, кубур түтүктөрдү, профилдерди, фитингдерди өндүрүү;
• Баштапкы иштетүү аркылуу башка болот буюмдарын өндүрүү;
• Негизги асыл таштарды жана түстүү металлдарды өндүрүү (анын ичинде алюминий, коргошун, цинк жана калай, жез);
• Ядролук отунду кайра иштетүү; • Металлдарды куюу (чоюн, болот, жеңил металлдар, түстүү металлдар);
• Куралдарды жана ок-дарыларды өндүрүү;
• Металлдарды иштетүү жана металлга каптамды сүртүү;
• Батареяларды жана аккумуляторлорду өндүрүү;
• озонду бузуучу заттарды пайдалануу менен муздаткыч жабдууларын өндүрүү;
• Аскердик машиналарды өндүрүү;
• Газ сыяктуу отунду өндүрүү жана бөлүштүрүү;
• Газ өндүрүү;
• Автомобиль жана темир жолдорду куруу;
• Учурдагы курулуштарды бузуу жана курулуш үчүн аянтчаларды даярдоо (имараттарды ажыратуу жана бузуу;
курулуш аянтчасындагы даярдык иштери; бургулоо иштери);
• Суюк жана газ сыяктуу отунду жана коштоочу товарларды дүң сатуу;
• Металлдарды жана металл кендерин дүң соодалоо;
• Химиялык продукттарды дүң соодалоо;
• Калдыктарды жана металл сыныктарын дүң соодалоо;
• Адистештирилген дүкөндөрдө отунду чекене соодалоо;
• Кубур түтүктө ташуу;
• Деңиз жана жээк жүк транспорту;
• Кумар оюндарын уюштуруу жана мелдеш түзүү боюнча ишмердик;
• оюн бизнеси;
• аскердик индустрия;
• мажбурланган балдар эмгеги колдонулган багыттар;
• террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланыштуу иш;
• куралды колдонууга байланыштуу соода, өндүрүш жана башка иш;
• КР мыйзамдарында тыюу салынбаган иш түрлөрү.

*Банк бул Программанын шарттарын өзгөртүү укугун өзүнө калтырат

Банктын башка кызматтары