23-май 2024-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААКнын жалгыз акционери банктын финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жана ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алды.
Биринчиден , Банктын уставдык капиталын 1 400 000 000 сомго, башкача айтканда 16 800 000 000 сомдон 18 200 000 000 сомго чейин көбөйтүү чечими кабыл алынган. Бул чечимдин алкагында банктын жүгүртүлүүчү жөнөкөй энчилүү акцияларынын саны 1 400 000 нускага көбөйтүлүп, бир акцияны жайгаштыруу баасы 1000 сом болот. Ошентип, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталдын өлчөмү боюнча Кыргыз Республикасындагы эң ири банк болуп калат.
Экинчиден, туунду компания — “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК түзүү бекитилди. Бул чечим банк тарабынан көрсөтүлүүчү финансылык кызматтардын спектрин кеңейтүүгө багытталган.
Ошондой эле Банктын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана анын жаңы редакциясын бекитүү чечими кабыл алынды.