2025-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкынын (Economic Cooperation Organization Trade and Development Bank) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Меморандум биргелешкен долбоорлорду түзүүгө жана ишке ашырууга, ошондой эле Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берүүчү долбоорлорду каржылоого багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө инвестиция тартуунун мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары, ошондой эле сооданы каржылоону колдоо маселелери талкууланды.




