КЫЗЫГУУНУ БИЛДИРҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАП
(КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР
– ЖЕКЕ КОНСУЛЬТАНТТЫ ТАНДОО)
“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КИЧИ, ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАР ҮЧҮН ТУРУКТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ӨНҮКТҮРҮҮ” ДОЛБООРУ
КРЕДИТ 7741-KG
Тапшырманын аталышы: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК жана “Кепилдик фонд” ААК үчүн социалдык маселелер боюнча консультант
Шилтеме № (Сатып алуулар планына ылайык): DSFMMSME – IC-3.3
Кыргыз Республикасы “Кыргыз Республикасында кичи, чакан жана орто ишканалар (КЧОИ) үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү” долбоорун (Долбоор) ишке ашырууга Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан(Дүйнөлүк банк) каржылоо алга
Долбоордун максаты жашыл жана башка туруктуу жеке каржылоону мобилизациялоо жана финансылык мекемелердин потенциалын өстүрүү аркылуу КЧОИни каржылоонун туруктуу рыногун өнүктүрүүнү колдоо болуп саналат.
Министрлик консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө каражаттын бир бөлүгүн жумшоого ниеттенет, ага Экологиялык жана социалдык милдеттенмелердин планында (ЭСМП) көрсөтүлгөндөй Дүйнөлүк банктын Экологиялык жана социалдык алкактарына (ЭСА) 1-компоненттин алкагында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКда жана 2-компоненттин алкагында “Кепилдик фонд” ААКда Долбоордун ишинин шайкештигин камсыздоо кирет.
Бир кыйла толук маалыматты төмөндө тиркелген Техникалык тапшырмадан алууга болот.
Министрлик жогоруда баяндалган кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жеке консультанттарды өз кызыгуусун билдирүүгө чакырат. Кызыкдар адамдар жогоруда аталган зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тиешелүү тажрыйбага ээ болгондугун көрсөткөн маалыматты (резюме) берүүгө тийиш.
Бул тапшырманы аткаруу үчүн потенциалдуу Консультант төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1. Жалпы квалификациялык талаптар
Социалдык илимдер, социология, коммуникация, менеджмент жана ага жакын багыттар боюнча жогорку билим.
2. Кесиптик тажрыйба:
a) Социалдык маселелер жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндө кеминде 3 жылдык кесиптик тажрыйба.
b) Эл аралык финансы уюмдары (Дүйнөлүк банк, АӨБ, ЕБРР, БУУ ж.б.) тарабынан каржыланган долбоорлорго, айрыкча кредиттик линия багытында катышуу тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
c) Социалдык инструменттерди (ESCP, SEP, LMP, GRM, социалдык баалоо, кызыкдар тараптарды тартуу пландары ж.б.) иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча практикалык тажрыйба.
3. Билим жана компетенциялар:
a) Дүйнөлүк банктын Экологиялык жана социалдык алкагы (ESF), анын ичинде тиешелүү Экологиялык жана социалдык стандарттар (ESS), өзгөчө социалдык стандарттар боюнча терең билим.
b) Финансылык ортомчулук, кредиттөө, кепилдик жана субсидиялык механизмдер менен байланышкан социалдык тобокелдиктерди жана таасирлерди түшүнүү.
c) Социалдык коргоо, эмгек, адам укуктары, гендердик маселелер жана коомдук консультациялар жаатындагы улуттук мыйзамдарды билүү.
d) Коммерциялык банктар аркылуу ишке ашырылуучу субдолбоорлордун социалдык кабыл алуусун баалоо жана мониторинг жүргүзүү көндүмдөрү.
4. Тил талаптары жана көндүмдөр:
a) Мамлекеттик жана расмий тилдерди (жазуу жана оозеки) милдеттүү түрдө билүү, англис тилин (жазуу жана оозеки) билүү – артыкчылык болуп саналат;
b) Компьютердик сабаттуулук: Windows чөйрөсүндөгү программаларды, мисалы Word, Excel программаларын билүү.
Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө саясаты баяндалган 2023-жылдын сентябрында кабыл алынган (Сатып алуу эрежелери, бешинчи басылышы) редакциядагы – товарларды, жумуштарды, консультациялык эмес жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну -Инвестициялык долбоорлорду каржылоонун карыз алуучулары үчүн Сатып алуу эрежелеринин 3.14 жана 3.21-параграфтарына Кызыкдар Консультанттардын көңүлүн бурабыз.
Консультант Сатып алуу эрежелеринде баяндалган жеке консультанттарды тандоо методуна ылайык тандалат.
Бир кыйла толук маалымат майрам күндөрүн кошпогондо, дүйшөмбүдөн жумага чейин иш убактысында (9:00-18:00) төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча берилиши мүмкүн.
Кызыгууну билдирүү жазуу жүзүндө (өз колу менен же электрондук почта аркылуу) төмөнкү дарек боюнча 2026-жылдын 13-мартында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
Дарек:
КР Финансы министрлигинин алдындагы Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмү.
720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек, Чүй проспекти 114, 402-кабинет.
Тел: +996 701059305 E-mail: office@piu.kg


