КЫЗЫГУУНУ БИЛДИРҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАП
(КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР
– ЖЕКЕ КОНСУЛЬТАНТТЫ ТАНДОО)
КАЙРАДАН ЖАРЫЯЛАНГАН СЫНАК
“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КИЧИ, ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАР ҮЧҮН ТУРУКТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ӨНҮКТҮРҮҮ” ДОЛБООРУ
КРЕДИТ 7741-KG
Тапшырманын аталышы: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК жана “Кепилдик фонд” ААК үчүн социалдык маселелер боюнча консультант
Шилтеме № (Сатып алуулар планына ылайык): DSFMMSME – IC-3.2
Кыргыз Республикасы “Кыргыз Республикасында кичи, чакан жана орто ишканалар (КЧОИ) үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү” долбоорун (Долбоор) ишке ашырууга Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан(Дүйнөлүк банк) каржылоо алга
Долбоордун максаты жашыл жана башка туруктуу жеке каржылоону мобилизациялоо жана финансылык мекемелердин потенциалын өстүрүү аркылуу КЧОИни каржылоонун туруктуу рыногун өнүктүрүүнү колдоо болуп саналат.
Министрлик консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө каражаттын бир бөлүгүн жумшоого ниеттенет, ага Экологиялык жана социалдык милдеттенмелердин планында (ЭСМП) көрсөтүлгөндөй Дүйнөлүк банктын Экологиялык жана социалдык алкактарына (ЭСА) 1-компоненттин алкагында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКда жана 2-компоненттин алкагында “Кепилдик фонд” ААКда Долбоордун ишинин шайкештигин камсыздоо кирет.
Бир кыйла толук маалыматты төмөндө тиркелген Техникалык тапшырмадан алууга болот.
Министрлик жогоруда баяндалган кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жеке консультанттарды өз кызыгуусун кайрадан билдирүүгө чакырат. Кызыкдар адамдар жогоруда аталган зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тиешелүү тажрыйбага ээ болгондугун көрсөткөн маалыматты (резюме) берүүгө тийиш.
Бул тапшырманы аткаруу үчүн потенциалдуу Консультант төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
- Социалдык илимдер жаатындагы жогорку билим;
- Тиешелүү чөйрөдө 5 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы;
- Кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү, даттанууларды чечүү, эмгекти башкаруу жол-жоболору жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
- Эл аралык финансы институттары тарабынан каржыланган долбоорлор үчүн социалдык стандарттар/социалдык кепилдиктер боюнча документтерди иштеп чыгууда далилденген тажрыйба;
- Эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган ушул сыяктуу долбоорлордо иш тажрыйбасынын болушу – артыкчылыктуу болот;
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди (жазуу жана оозеки) билүү милдеттүү, англис тилин (жазуу жана оозеки) билүү – артыкчылыктуу болот; жана
- Компьютердик сабаттуулук: Word, Excel, Power Point сыяктуу Windows чөйрөсүндөгү программаларды билүү.
Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө саясаты баяндалган 2023-жылдын сентябрында кабыл алынган (Сатып алуу эрежелери, бешинчи басылышы) редакциядагы – товарларды, жумуштарды, консультациялык эмес жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну -Инвестициялык долбоорлорду каржылоонун карыз алуучулары үчүн Сатып алуу эрежелеринин 3.14 жана 3.21-параграфтарына Кызыкдар Консультанттардын көңүлүн бурабыз.
Консультант Сатып алуу эрежелеринде баяндалган жеке консультанттарды тандоо методуна ылайык тандалат.
Бир кыйла толук маалымат майрам күндөрүн кошпогондо, дүйшөмбүдөн жумага чейин иш убактысында (9:00-18:00) төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча берилиши мүмкүн.
Кызыгууну билдирүү жазуу жүзүндө (өз колу менен же электрондук почта аркылуу) төмөнкү дарек боюнча 2025-жылдын 03-декабрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
Дарек:
КР Финансы министрлигинин алдындагы Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмү.
720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек, Чүй проспекти 114, 402-кабинет.
Тел: +996 701059305
E-mail: office@piu.kg


