2026-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлүп, анда банктын 2025-жылга карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы туруктуу капиталдык өсүштү көрсөттү, өнөр жай жана инфраструктурадагы инвестициялык долбоорлорду каржылоону кеңейтти жана жашыл экономика долбоорлорун колдоону бир топ көбөйттү.
2025-жылы Мамлекеттик өнүктүрүү банкы өзүнүн туунду компаниялары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салык төлөмдөрү катары 2,5 миллиард сом которду. Мындан тышкары, мамлекетке 1,086 миллиард сом дивиденд катары төлөнгөн.
2025-жылы Банк өлкөнүн бардык аймактарындагы 69 чарба жүргүзүүчү субъектти жалпысынан 2,5 миллиард сомдон ашык каржылаган. Учурдагы инвестициялык долбоорлордун жалпы наркы 23 миллиард сомго жетти.
Банк тарабынан каржыланган долбоорлор улуттук экономиканын өнүгүшүнө олуттуу жана өлчөнүүчү салым кошот. Банктын ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө карыз алган ишканалардын жалпы кирешеси 40 миллиард сомго жетти, 2400 жумуш орду түзүлдү, ал эми салык жана социалдык төлөмдөр 3,6 миллиард сомду түздү.
Жашыл каржылоону өнүктүрүү Банктын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. 2025-жылдын аягына карата экологиялык жактан туруктуу долбоорлорду каржылоонун көлөмү пландаштырылган көрсөткүчтөрдөн ашып түштү. Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылган чакан ГЭСтерди куруу долбоорлорун каржылоо бул натыйжага олуттуу салым кошту.
Бул жыйынтыктар мамлекеттик инвестициялардын жогорку мультипликативдик эффектин жана Банктын экономикалык ишмердүүлүктү стимулдаштыруудагы маанилүү ролун тастыктайт.
Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунда Банктын 2025-жылга карата таза пайдасынын 100%ын, 855 миллион сомду, дивиденддер түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине бөлүү чечими кабыл алынды.
КРнын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы мамлекеттик инвестициялык саясаттагы негизги институт катары өз позициясын ырааттуу түрдө бекемдеп, төмөнкүлөрдү камсыз кылууда:
- бизнестин узак мөөнөттүү каржылоого жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- жаңы тармактарды жана жумуш орундарын түзүү; • өнөр жайды жана инфраструктураны модернизациялоо;
- Кыргыз Республикасынын экономикасын түзүмдүк трансформациялоо.


