2026-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде өлкөнүн финансы институттары үчүн “Кыргыз Республикасындагы микро, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү” долбоорунун презентациясы өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолович Акжолов жетектеди.
Бул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы коммерциялык банктарга жана микрофинансылык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги №246 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жашыл таксономиясына ылайык жашыл долбоорлорду ишке ашырган ишканаларды андан ары каржылоо үчүн жеңилдетилген шарттарда каражат берет.
Таксономия туруктуу өнүгүүнүн кеңири чөйрөсүн камтыйт, анын ичинде:
- Кайра жаралуучу энергия булактары;
- Энергиянын натыйжалуулугу;
- Жашыл имараттар жана экологиялык жактан таза транспорт;
- Айлана-чөйрөнүн булганышынын алдын алуу жана көзөмөлдөө;
- Суу ресурстарын туруктуу пайдалануу жана калдыктарды башкаруу.
Каржылоого жарамдуу багыттардын толук тизмеси Кыргыз Республикасынын Жашыл Таксономиясында аныкталган.
Карыз алуучулар үчүн пайыздык чен
- Жылына 8% дан ашпашы керек
Каржылык мөөнөт
5 жылга чейин
Каржылык суммалар
- Микро-ишканалар үчүн – 3 миллион сомго чейин
- Чакан ишканалар үчүн – 8 миллион сомго чейин
- Орто ишканалар үчүн – 50 миллион сомго чейин





