2026-жылдын 16-сентябрында “Кыргыз Республикасындагы микро, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу каржы рыногун өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын миссиясынын ортосунда жумушчу жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоордун келечегин, каржы институттарынын катышуусун кеңейтүүнү жана каражаттарды андан ары бөлүштүрүүнү талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендигин тастыкташты жана долбоорду ишке ашыруу жана каржы институттарынын катышуусун кеңейтүү боюнча биргелешкен иштерди андан ары улантууга макулдашышты.


