Акыркы жаңылыктар

14.01.2025

Башкарманын төрагасынын жаңы орун басарын дайындоо жөнүндө

14.01.2025 директорлор кеңешинин чечими менен Кененбаев Чынгыз Токтобекович “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы”ААКнын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
09.01.2025

Жаңы директорлор кеңешинин мүчөсү дайындоо жөнүндө

24.12.2024 акционеринин чечими менен Эгембердиев Аскат Раимжанович “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы”ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп дайындалган.
31.12.2024

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик енуктуруу банкы Кыргызстандын бардык жарандарын Жаны жылы менен куттуктайт!  Сиздерге тынчтык, жакшылык, бакубатчылык жана бардык ишиниздерге ийгилик каалайбыз!  Жаны жыл елкебуз учун жаны […]
23.12.2024

Меморандумга кол коюу

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган. Максаттары:-Меморандум биргелешкен долбоорлорду түзүүгө жана ишке ашырууга […]
18.12.2024

КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Кыргызкоммерцбанкына 100 млн сом бөлдү

2024-жылдын 17-декабрында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы”ААК менен «Кыргызкоммерцбанк» ААК ортосунда насыялык келишимге кол коюлду! Бул келишимдин алкагында КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы өнөктөш банкка максаттуу каржылоо […]

Бардык жаңылыктар

ММК Биз жөнүндө

08.05.2024

Биз жөнүндө басма сөз. Акчабар: Мамлекеттик өнүктүрүү банкы КР жеңил өнөр жай тармагын насыялай баштады

Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн заманбап шарттарында жаңы финансылык инструменттерди киргизүү тармактык өсүшкө дем берүүдө жана өлкөнүн финансылык инфраструктурасын жакшыртууда негизги ролду ойнойт. Бул контекстте Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы […]

Суроолор жана жооптор

1Каржылоону алуу үчүн кандай документтер керек?
Банкта каржылоону алууга арыз берүү үчүн документтердин тизмеги бар, ал тизмек менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот.
2Бизнес-планга карата кандайдыр бир талаптар барбы?
Банктын бизнес-планды түзүүгө карата белгилүү бир талаптары бар, алар менен шилтемесинен таанышса болот. Ошондой эле Бизнес-планды түзүү боюнча усулдук көрсөтмөнү колдонуу сунушталат.
3Банктан кредитти канчалык тез алууга болот?
Арызды кароонун мөөнөтү каржылоонун мүнөзүнө, көлөмүнө, секторуна жараша болот. Ошондой эле зарыл документтердин өз убагында сунушталгандыгына жана толук берилгендигинен көз каранды.
4Эгерде менин башка компанияда кредитим болсо, мен силерден кошумча кредит ала аламбы?
Ооба, Банктан параллель кредит алса болот. Мындай кредитти алуу үч фактордон көз каранды: башка ФКМден алынган кредитти төлөө мөөнөтүнөн; башка ФКМден алынган кредиттин суммасынан; сиздин бизнеске берилген баадан – сиздин бизнестин жүрүшү эки кредитти бир төлөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
5Эгерде ири суммадагы акча каражаты пайда болсо кредитти алдын ала төлөсө болобу?
Банкта мөөнөтүнөн мурда жабуу шарты каралган. Мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда үстөк айып алынбайт.
6Кредитти төлөө мезгил аралыгы кандай болушу керек?
Банктын шарттарына ылайык, бизнес долбоордун мүнөзүнө жараша жекече төлөө графигин сунуштоо каралган.
7Банктан мен кредит катары минималдуу/максималдуу дегенде канча суммада кредит ала алам?
Түздөн-түз каржылоонун алкагында минималдуу сумма 20 млн сомду түзсө, бир Карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна берилүүчү кредиттин максималдуу өлчөмү Банктын таза суммардык капиталынын 20%ынан ашпоого тийиш.
8Эгер биз ири өлчөмдөгү күрөө сунуштай турган болсок, анча чоӊ эмес бизнеске ири өлчөмдөгү кредит ала алабызбы?
Банктын шарттарына ылайык, суралган сумманын финансылык көрсөткүчтөрүнө ылайык каржылоону сунуштоо каралган.
9Сиздердин Банктан керектөө максаттарына кредит алса болобу?
Банктын милдети өлкөнүн экономикасын диверсификациялоо жана өсүшкө түрткү берүү максатында чарбага ээлик кылуучу субъекттерди каржылоо, жумуш орундарын түзүү жана аймактардын экономикалык жактан өнүгүшүн текшилөө болуп саналат. Керектөө кредиттери Банктын ички ченемдик документтеринин талаптарына туура келбейт.