Акыркы жаңылыктар

12.12.2024

КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Ишкердикти өнүктүрүү фондуна 150 млн сом бөлдү

11.12.2024 КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Ишкердикти өнүктүрүү фондунун ортосунда аймактарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү долбоорлорду каржылоого багытталган насыялык макулдашууга кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Ишкердикти […]
09.12.2024

Европа Инвестициялык Банкы менен жолугушуу

2024-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин төрагасы Мамбетжанов М.Т. жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармалыгынын төрагасы – Темирбеков М.А. Европа Инвестициялык Банкынын […]
03.12.2024

Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы менен Экономикалык кызматташтыктын эл аралык банкынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюу

2-декабрдын 2024-жылында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Экономикалык кызматташтыктын эл аралык банкынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган. Максаттары:-Меморандум биргелешкен долбоорлорду […]
29.11.2024

Беларустун өнүктүрүү банкы менен келишимге кол коюу

2024-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жана Беларусь өнүктүрүү банкынын жетекчилеринин орун басарларынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды, өлкөлөр ортосунда […]
18.11.2024

“Азык-түлүк системаларынын диалогу” форумуна катышуу

2024-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги БУУ менен биргеликте өткөргөн Дүйнөлүк азык-түлүк […]

Бардык жаңылыктар

ММК Биз жөнүндө

Суроолор жана жооптор

1Каржылоону алуу үчүн кандай документтер керек?
Банкта каржылоону алууга арыз берүү үчүн документтердин тизмеги бар, ал тизмек менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот.
2Бизнес-планга карата кандайдыр бир талаптар барбы?
Банктын бизнес-планды түзүүгө карата белгилүү бир талаптары бар, алар менен шилтемесинен таанышса болот. Ошондой эле Бизнес-планды түзүү боюнча усулдук көрсөтмөнү колдонуу сунушталат.
3Банктан кредитти канчалык тез алууга болот?
Арызды кароонун мөөнөтү каржылоонун мүнөзүнө, көлөмүнө, секторуна жараша болот. Ошондой эле зарыл документтердин өз убагында сунушталгандыгына жана толук берилгендигинен көз каранды.
4Эгерде менин башка компанияда кредитим болсо, мен силерден кошумча кредит ала аламбы?
Ооба, Банктан параллель кредит алса болот. Мындай кредитти алуу үч фактордон көз каранды: башка ФКМден алынган кредитти төлөө мөөнөтүнөн; башка ФКМден алынган кредиттин суммасынан; сиздин бизнеске берилген баадан – сиздин бизнестин жүрүшү эки кредитти бир төлөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
5Эгерде ири суммадагы акча каражаты пайда болсо кредитти алдын ала төлөсө болобу?
Банкта мөөнөтүнөн мурда жабуу шарты каралган. Мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда үстөк айып алынбайт.
6Кредитти төлөө мезгил аралыгы кандай болушу керек?
Банктын шарттарына ылайык, бизнес долбоордун мүнөзүнө жараша жекече төлөө графигин сунуштоо каралган.
7Банктан мен кредит катары минималдуу/максималдуу дегенде канча суммада кредит ала алам?
Түздөн-түз каржылоонун алкагында минималдуу сумма 20 млн сомду түзсө, бир Карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна берилүүчү кредиттин максималдуу өлчөмү Банктын таза суммардык капиталынын 20%ынан ашпоого тийиш.
8Эгер биз ири өлчөмдөгү күрөө сунуштай турган болсок, анча чоӊ эмес бизнеске ири өлчөмдөгү кредит ала алабызбы?
Банктын шарттарына ылайык, суралган сумманын финансылык көрсөткүчтөрүнө ылайык каржылоону сунуштоо каралган.
9Сиздердин Банктан керектөө максаттарына кредит алса болобу?
Банктын милдети өлкөнүн экономикасын диверсификациялоо жана өсүшкө түрткү берүү максатында чарбага ээлик кылуучу субъекттерди каржылоо, жумуш орундарын түзүү жана аймактардын экономикалык жактан өнүгүшүн текшилөө болуп саналат. Керектөө кредиттери Банктын ички ченемдик документтеринин талаптарына туура келбейт.