Акыркы жаңылыктар

25.07.2024

“Кыргыз Экспорт” борбору менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу

23-июлунда 2024-жылдын өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү максатында КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Экспорт өнүктүрүү жана экспортту илгерилетүү борборунун ортосунда кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга […]
14.06.2024

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын көбөйттү

14-июнь 2024-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААК уставдык капиталын 500 000 нускадагы акциялардын кошумча чыгарылышынын натыйжасында жалпы суммасы 500 000 000 сомго көбөйттү. Ушуга байланыштуу […]
30.05.2024

Чех экспорттук банкы менен жолугушуу

29-Май, 2024-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААКнын жетекчилиги менен Чех экспорттук банкынын (ЧЭБ) эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Чехиянын КРдагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев […]
28.05.2024

Аудитордук компанияны бекитүү

27-Май 2024-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААКнын акционери “Бейкер Тилли Бишкек” ЖЧКнын аудитордук компаниясын 2024-жыл үчүн өзүнчө финансылык отчеттун жана “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” […]
28.05.2024

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы”ААКтын акционерлеринин Жалпы чогулушунун чечими

23-май 2024-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААКнын жалгыз акционери банктын финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жана ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алды. Биринчиден , […]

Бардык жаңылыктар

ММК Биз жөнүндө

Суроолор жана жооптор

1Каржылоону алуу үчүн кандай документтер керек?
Банкта каржылоону алууга арыз берүү үчүн документтердин тизмеги бар, ал тизмек менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот.
2Бизнес-планга карата кандайдыр бир талаптар барбы?
Банктын бизнес-планды түзүүгө карата белгилүү бир талаптары бар, алар менен шилтемесинен таанышса болот. Ошондой эле Бизнес-планды түзүү боюнча усулдук көрсөтмөнү колдонуу сунушталат.
3Банктан кредитти канчалык тез алууга болот?
Арызды кароонун мөөнөтү каржылоонун мүнөзүнө, көлөмүнө, секторуна жараша болот. Ошондой эле зарыл документтердин өз убагында сунушталгандыгына жана толук берилгендигинен көз каранды.
4Эгерде менин башка компанияда кредитим болсо, мен силерден кошумча кредит ала аламбы?
Ооба, Банктан параллель кредит алса болот. Мындай кредитти алуу үч фактордон көз каранды: башка ФКМден алынган кредитти төлөө мөөнөтүнөн; башка ФКМден алынган кредиттин суммасынан; сиздин бизнеске берилген баадан – сиздин бизнестин жүрүшү эки кредитти бир төлөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
5Эгерде ири суммадагы акча каражаты пайда болсо кредитти алдын ала төлөсө болобу?
Банкта мөөнөтүнөн мурда жабуу шарты каралган. Мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда үстөк айып алынбайт.
6Кредитти төлөө мезгил аралыгы кандай болушу керек?
Банктын шарттарына ылайык, бизнес долбоордун мүнөзүнө жараша жекече төлөө графигин сунуштоо каралган.
7Банктан мен кредит катары минималдуу/максималдуу дегенде канча суммада кредит ала алам?
Түздөн-түз каржылоонун алкагында минималдуу сумма 20 млн сомду түзсө, бир Карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна берилүүчү кредиттин максималдуу өлчөмү Банктын таза суммардык капиталынын 20%ынан ашпоого тийиш.
8Эгер биз ири өлчөмдөгү күрөө сунуштай турган болсок, анча чоӊ эмес бизнеске ири өлчөмдөгү кредит ала алабызбы?
Банктын шарттарына ылайык, суралган сумманын финансылык көрсөткүчтөрүнө ылайык каржылоону сунуштоо каралган.
9Сиздердин Банктан керектөө максаттарына кредит алса болобу?
Банктын милдети өлкөнүн экономикасын диверсификациялоо жана өсүшкө түрткү берүү максатында чарбага ээлик кылуучу субъекттерди каржылоо, жумуш орундарын түзүү жана аймактардын экономикалык жактан өнүгүшүн текшилөө болуп саналат. Керектөө кредиттери Банктын ички ченемдик документтеринин талаптарына туура келбейт.