Акыркы жаңылыктар

19.03.2024

Биз жөнүндө басма сөз. Акчабар: Мамлекеттик өнүктүрүү банкы өз ишин кантип жана качан баштайт?

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзүү маселеси 2012-жылдан бери талкууланып келет. 2022-жылдын 31-майында расмий катталган, юридикалык дареги Раззакова көчөсү, 17. Банк уставдык капиталына 100% мамлекеттин катышуусу […]
19.03.2024

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана БУУнун Өнүктүрүү программасы “Кыргыз Республикасынын жашыл каржылоо фондунун иш концепциясы” темасында тегерек стол уюштурду

15-Февраль 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан уюштурулган Кыргызстандын Банктар Союзунун, ошондой эле мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын жана эл аралык уюмдардын […]
19.03.2024

“Агро Диалог 2024” Республикалык агроөнөр жай форуму

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “Агро Диалог 2024″республикалык агроөнөр жай форумуна катышат жана консультацияларды берет. Форум 26-февралдан 28-февралга чейин 2024-жылы Бишкек шаарындагы “өнүгүү” мейманканасында төмөнкү багыттар боюнча өтөт: […]
06.02.2024

Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатты изилдөө институту менен кызматташуу жөнүндө Меморандум

Өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү максатында, 2-жылдын 2024-февралында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААК жана “Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатты изилдөө институту”мамлекеттик ишканасынын ортосунда кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү […]
19.12.2023

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен «Бай-Түшүм» Банкы» ААКтын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу

2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо боюнча өнөктөштүктү кеңейтүү максатында сүйлөшүүлөр жана «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК менен «Бай-Түшүм Банкы» ААКтын ортосундагы […]

Бардык жаңылыктар

ММК Биз жөнүндө

Суроолор жана жооптор

1Каржылоону алуу үчүн кандай документтер керек?
Банкта каржылоону алууга арыз берүү үчүн документтердин тизмеги бар, ал тизмек менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот.
2Бизнес-планга карата кандайдыр бир талаптар барбы?
Банктын бизнес-планды түзүүгө карата белгилүү бир талаптары бар, алар менен шилтемесинен таанышса болот. Ошондой эле Бизнес-планды түзүү боюнча усулдук көрсөтмөнү колдонуу сунушталат.
3Банктан кредитти канчалык тез алууга болот?
Арызды кароонун мөөнөтү каржылоонун мүнөзүнө, көлөмүнө, секторуна жараша болот. Ошондой эле зарыл документтердин өз убагында сунушталгандыгына жана толук берилгендигинен көз каранды.
4Эгерде менин башка компанияда кредитим болсо, мен силерден кошумча кредит ала аламбы?
Ооба, Банктан параллель кредит алса болот. Мындай кредитти алуу үч фактордон көз каранды: башка ФКМден алынган кредитти төлөө мөөнөтүнөн; башка ФКМден алынган кредиттин суммасынан; сиздин бизнеске берилген баадан – сиздин бизнестин жүрүшү эки кредитти бир төлөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
5Эгерде ири суммадагы акча каражаты пайда болсо кредитти алдын ала төлөсө болобу?
Банкта мөөнөтүнөн мурда жабуу шарты каралган. Мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда үстөк айып алынбайт.
6Кредитти төлөө мезгил аралыгы кандай болушу керек?
Банктын шарттарына ылайык, бизнес долбоордун мүнөзүнө жараша жекече төлөө графигин сунуштоо каралган.
7Банктан мен кредит катары минималдуу/максималдуу дегенде канча суммада кредит ала алам?
Түздөн-түз каржылоонун алкагында минималдуу сумма 20 млн сомду түзсө, бир Карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна берилүүчү кредиттин максималдуу өлчөмү Банктын таза суммардык капиталынын 20%ынан ашпоого тийиш.
8Эгер биз ири өлчөмдөгү күрөө сунуштай турган болсок, анча чоӊ эмес бизнеске ири өлчөмдөгү кредит ала алабызбы?
Банктын шарттарына ылайык, суралган сумманын финансылык көрсөткүчтөрүнө ылайык каржылоону сунуштоо каралган.
9Сиздердин Банктан керектөө максаттарына кредит алса болобу?
Банктын милдети өлкөнүн экономикасын диверсификациялоо жана өсүшкө түрткү берүү максатында чарбага ээлик кылуучу субъекттерди каржылоо, жумуш орундарын түзүү жана аймактардын экономикалык жактан өнүгүшүн текшилөө болуп саналат. Керектөө кредиттери Банктын ички ченемдик документтеринин талаптарына туура келбейт.