Акыркы жаңылыктар

17.06.2025

Директорлор кеңешинин төрагасын шайлоо

2025-жылдын 17-июнунда Канатбек Маматович Мадумаров «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Канатбек Маматовичтин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин системасында 25 жылдык тажрыйбасы […]
12.06.2025

ECO Trade and Development Bank менен меморандумга кол коюу

2025-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкынын (Economic Cooperation Organization Trade and Development Bank) ортосунда өз ара түшүнүшүү […]
06.06.2025

Курман Айт майрамыңыздар менен!

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ар бириңиздерди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайт! Бул берекелүү күндөр ар бир үй-бүлөгө тынчтык, сүйүү жана бакубат жашоо алып келсин. […]
05.06.2025

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2024-жылга карата банктын ишмердүүлүгү боюнча отчетун берди

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2024-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун берди. Отчет ийгиликтүү кабыл алынып, Банктын иши канааттандырарлык деп […]
02.06.2025

КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Бишкек эл аралык каржы форумунда (BIFF)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аймактагы каржы алкагында негизги окуяларынын бири болгон Бишкек эл аралык каржы форумуна (BIFF) катышты. Форум пикир алмашууга, орчундуу мүнөздүү багыттарды талкуулоого, […]

Бардык жаңылыктар

ММК Биз жөнүндө

08.05.2024

Биз жөнүндө басма сөз. Акчабар: Мамлекеттик өнүктүрүү банкы КР жеңил өнөр жай тармагын насыялай баштады

Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн заманбап шарттарында жаңы финансылык инструменттерди киргизүү тармактык өсүшкө дем берүүдө жана өлкөнүн финансылык инфраструктурасын жакшыртууда негизги ролду ойнойт. Бул контекстте Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы […]

Суроолор жана жооптор

1Каржылоону алуу үчүн кандай документтер керек?
Банкта каржылоону алууга арыз берүү үчүн документтердин тизмеги бар, ал тизмек менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот.
2Бизнес-планга карата кандайдыр бир талаптар барбы?
Банктын бизнес-планды түзүүгө карата белгилүү бир талаптары бар, алар менен шилтемесинен таанышса болот. Ошондой эле Бизнес-планды түзүү боюнча усулдук көрсөтмөнү колдонуу сунушталат.
3Банктан кредитти канчалык тез алууга болот?
Арызды кароонун мөөнөтү каржылоонун мүнөзүнө, көлөмүнө, секторуна жараша болот. Ошондой эле зарыл документтердин өз убагында сунушталгандыгына жана толук берилгендигинен көз каранды.
4Эгерде менин башка компанияда кредитим болсо, мен силерден кошумча кредит ала аламбы?
Ооба, Банктан параллель кредит алса болот. Мындай кредитти алуу үч фактордон көз каранды: башка ФКМден алынган кредитти төлөө мөөнөтүнөн; башка ФКМден алынган кредиттин суммасынан; сиздин бизнеске берилген баадан – сиздин бизнестин жүрүшү эки кредитти бир төлөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
5Эгерде ири суммадагы акча каражаты пайда болсо кредитти алдын ала төлөсө болобу?
Банкта мөөнөтүнөн мурда жабуу шарты каралган. Мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда үстөк айып алынбайт.
6Кредитти төлөө мезгил аралыгы кандай болушу керек?
Банктын шарттарына ылайык, бизнес долбоордун мүнөзүнө жараша жекече төлөө графигин сунуштоо каралган.
7Банктан мен кредит катары минималдуу/максималдуу дегенде канча суммада кредит ала алам?
Түздөн-түз каржылоонун алкагында минималдуу сумма 20 млн сомду түзсө, бир Карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна берилүүчү кредиттин максималдуу өлчөмү Банктын таза суммардык капиталынын 20%ынан ашпоого тийиш.
8Эгер биз ири өлчөмдөгү күрөө сунуштай турган болсок, анча чоӊ эмес бизнеске ири өлчөмдөгү кредит ала алабызбы?
Банктын шарттарына ылайык, суралган сумманын финансылык көрсөткүчтөрүнө ылайык каржылоону сунуштоо каралган.
9Сиздердин Банктан керектөө максаттарына кредит алса болобу?
Банктын милдети өлкөнүн экономикасын диверсификациялоо жана өсүшкө түрткү берүү максатында чарбага ээлик кылуучу субъекттерди каржылоо, жумуш орундарын түзүү жана аймактардын экономикалык жактан өнүгүшүн текшилөө болуп саналат. Керектөө кредиттери Банктын ички ченемдик документтеринин талаптарына туура келбейт.